Кыргызстанда учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жашоосун жакшыртуу планы иштелип чыгып, ишке ашырылууда. Муну 17-февралда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Эл аралык эмгек уюмунун социалдык коргоо багытындагы башкы адиси Марико Оучи менен жолугушууда билдирди. Министрдин айтымында, аталган план ишке ашырылганда социалдык коргоонун минималдык деңгээли жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун сунуштамасына Кыргызстандын канчалык деңгээлде шайкеш келери аныкталат. "Бизде калкка кызмат көрсөтүү боюнча минималдык социалдык стандарттар иштелип чыккан",- деди министр.