«Экологиялык-техникалык инспекцияны түзүү менен өкмөт кайталанма текшерүүлөрдүн санын кыскартып ишкердиктин өнүгүүсүнө жол ачты». Мындай пикирди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аталган инспекцияга болгон иш сапарында айтты. «Өткөн жылга чейин, бир эле өндүрүштү 7 мекеме барып текшерчү. Бул ишкерди иштетпей эле текшерүүлөр менен алектенүүгө түртчү. Азыр андай эмес, бир гана инспекция текшерип жатат. Мындай шарт бизнестин өнүгүүсүн жакшы шарттайт деп ишенем»,- деди вице-премьер-министр. Ошондой эле иш сапарында Сарпашев бир жылдын ичинде кызматкерлерге түзүлгөн шарттарга оң баасын берди жана мекеменин жаңы түзүлгөндүгүнө карабастан жылыштар бар экенин белгиледи.