Бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында
Жылдыз Мамбеталиеванын юстиция министри кызматына талапкерлиги каралып жатат.
Айта кетсек, 17-февралда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети юстиция министри кызматына Ж.Мамбеталиеванын талапкерлигин бир добуштан жактырган. Министрлик кызматка талапкерди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев сунуштаган.
Жылдыз МамбеталиеваТуулган жылы - 1971-жыл, 26-январь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.
Акыркы мезгилде иштеген кызматтары:
2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында укуктук камсыз кылуу жана кадрлар кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп иштейт.