Журналистке күч колдонуу фактысы боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректоруна катуу сөгүш берүү сунушталды

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева ректордон интервью алмакчы болгон журналистке И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунан күч колдонулушун туура эмес деп эсептейт. Маалыматты аталган министрликтен 18-февралда кабарлашты. "Массалык маалымат каражаттарына, айрыкча коррупция маселесин иликтөөдө жана окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына байланыштуу маселеде күч колдонуу жогорку окуу жайдын жетекчисинин жоопкерчиликти жана ректорго жүктөлгөн милдеттерди жетишсиз түшүнөрүн айгинелейт",- деп билдирет Сариева. 
Министрликтин билдиришинче, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Аширали Зурдинов ошол эле күнү окуя боюнча түшүндүрмө берүү үчүн министрликке чакырылган. Жыйынтыгында ректорго катуу сөгүш берүү боюнча билим берүү жана илим министри өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кайрылуу жолдоду. 
Сариева укук коргоо органдарына кайрылып, күч колдонуу фактылары боюнча журналисттердин кайрылууларын дыкат карап чыгуу тапшырмасын берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан