8-февралда Бишкекте жүргүзүлгөн рейд учурунда шаар көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 82 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Рейд учурунда Бейшеналиева, Москва, Некрасов көчөлөрүндөгү жана Чүй проспектиндеги көрнөк-жарнактар алынды. Рейд шаардагы “Тазалык” ишканасынын, шаардын Биринчи Май жана Ленин райондук администрациясынын, Бишкек ШИИБинин, Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлдү.