Депутаттар юстиция министрлигине талапкерге соттук экспертизалардын мөөнөтүн кыскартууну сунушташты

Бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында депутаттар юстиция министри кызматына талапкер Жылдыз Мамбеталиевага соттук экспертизалардын мөөнөтүн кыскартууну сунушташты. Депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымында, өлкөдө аталган экспертизалар 2-3 жылга созулуп кетүүдө. "Мындай көрүнүш коомчулукта нааразычылык жаратууда. Ошондуктан соттук экспертизаларды кыска убакыттын ичинде бүтүрүү боюнча иш-аракеттерди жасоону өтүнөбүз",- деп билдирди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан