Акыйкатчы институту №1-СИЗОдо отурган айыпталуучулардын укугунун корголушу боюнча мониторинг жүргүзүүдө

Бүгүн, 11-февралда акыйкатчы Турсунбек Акун өз кызматкерлери менен чогуу Бишкектеги №1-СИЗОдогу отурган айыпталуучулардын укугунун корголушу боюнча мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди. Монторинг жүргүзүүдө камакка алынгандардын жашоо шарты менен таанышуу, сүйлөшүү жана аталган мекеменин жетекчилиги менен жолугуу каралган. Укук коргоочулар айыпталуучуларга юридикалык жактан кеңеш берип, кат түрүндөгү кайрылууларды кабыл алат. Жыйынтыгында акыйкатчы мекеменин жетекчилигине камактагылардын абалын жакшыртуу боюнча өз сунушун бермекчи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан