Кыргызстанда 2014-жылы 151 022 жаран айдоочулук күбөлүк алды. Мамлекеттик каттоо кызматынан 18-февралда билдиришкендей, 2013-жылы айдоочулук укугуна ээ болгон жарандардын саны 148 485ти түзгөн. Мекеме өлкөдө жыл сайын айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардын саны өсүп жатканын белгилеп, буларды билдирет: "Кыргызстанда эл аралык стандарттагы айдоочулук күбөлүк алууну каалагандар да көп. 2013-жылы мындай стандарттагы 1722 күбөлүк берилсе, 2014-жылы 8464 күбөлүк берилди".