9-февралда Талас облусунун Манас районундагы Көк-Дөбө айылында мыйзамсыз баңгизатын жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБbнин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо кызматкерлери аталган айылдын 1976-жылы туулган тургуну Афтандил Жаныбековдун үйүн тинтүүгө алганда кампасынан 74 грамм баңгизаты табылган. Учурда иликтөө иштери уланып жатканы кабарланды.