Бүткүл дүйнөлүк банк жана Өнүгүү жана кызматташтык боюнча Швейцария агенттиги суу чарбасын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 26 миллион долларлык кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Көкүмбек Таштаналиев билдирди. “2013-2017-жылдар аралыгындагы ишке ашчу долбоорго Дүйнөлүк банк 16,5 миллион доллар, ал эми Өнүгүү жана кызматташтык боюнча Швейцария агенттиги 10 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт”,- деди Таштаналиев. Бул каражат Суу чарба департаментинин аймактык кеңселерин компьютердик жабдыктар менен камсыз кылууга, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга жумшалат.