"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын "Бир бол" партиясы менен биригүү процесси токтотулду. Мындай маалыматты бүгүн, 18-февралда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши билдирди. Маалыматта партиялардын биргелешкен курултайын өткөрүү иштерине даярдык көрүү учурунда принципиалдуу маселелер боюнча пикир келишпестик чыкканы айтылат. "Буга байланыштуу биригүү процесси токтотулду" деп жарыяланды.
Айта кетсек, бир ай мурун аталган партиядан "Биригүү процесси ийгиликтүү аяктагандыгын расмий түрдө билдиребиз. Биригүүнүн негизинде түзүлө турган жаңы партиянын уставы жана программасынын долбоорлору иштелип чыкты. Учурда биргелешкен уюштуруу тобу тарабынан "Бүтүн Кыргызстан" жана "Бир бол" партияларынын кошмо съездин өткөрүүгө даярдык иштери жүрүп жатат" деп билдирген эле.