Бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында депутаттар тасмалардын порнографиялык элементтерин көзөмөлдөөчү комиссия түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна ылайык, аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана башка тыюу салынган чыгармачылыктын натыйжасына таандык деп Мекемелер аралык адистик комиссия бекитмекчи.