"Балдарга карата зомбулуктун алдын алууга 900 кызматкер аздык кылат" дейт вице-премьер-министр

"Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып барган Социалдык өнүгүү министрлигинин 900 кызматкери аздык кылат",- деди бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

Анын айтымында, аталган министрлик менен Каржы министрлиги кызматкерлердин керектүү өлчөмүн жана каражаттын керектүү көлөмүн эсептеп жатат. "Негизинен, турмуш шарты оор абалдагы балдарга жакшы көңүл буруу керек. Акыркы 2 жыл ичинде бул багытта долбоор даярдалып келген, эми аны ишке ашырууга ниеттенип жатабыз",- деди Ниязалиева.

Мындан тышкары учурда ишеним байланышты түзүү боюнча өкмөттө макулдашуулар жүрүп жаткандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан