Депутаттар кайтарымсыз берилип жаткан 26 миллион доллардын 70 пайызын ирригациялык багытка жумшоону сунушташты

“Бүткүл Дүйнөлүк банк, Өнүгүү жана кызматташтык боюнча Швейцария агенттиги берип жаткан 26 миллион кайтарымсыз жардамдын 70 пайызын ирригациялык (эгин талаасын суу менен камсыздоо) багытка иштетүү керек”. Мындай сунушун бүгүн, 11-февралдагы ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, тамак-аш коопсуздугу, кеңселик жабдыктарга караганда ирригация маселелери маанилүү. “Канча сугат жерлер кайракы жерге айланып баратат. Бул долбоордун алкагында каналдарды оңдоп, суу жеткирип берилсе дыйкандарга пайда алып келмек”,- деп кошумчалады эл өкүлү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан