Бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев балдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук маселесин иликтеп, алар негизинен 2 жерде болуп жаткандыгын айтты.
"Биринчи бөлүккө мектептер, жатаканалар, балдар колониялары жана башка ушул сыяктуу мекемелер кирет. Экинчи бөлүккө - үй-бүлө. Акыркы мезгилде үй-бүлөдөгү зомбулук коомчулуктун жана өкмөттүн тынчын алууда. Бул көйгөй өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга байланыштуу. Мындан тышкары айылдарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жетим калган же оор турмуштук абалга түшкөн балдарды каттоого албай жатышат",- деди акыйкатчы.
Бул маселени чечүүдө кандай иштер жасалып жатканына токтолду. "Учурда Акыйкатчы институту 2 долбоорду ишке ашырууда. Алар зордук-зомбулуктун алдын алууга байланыштуу. Ошондой эле мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү эске алынган. Мындан тышкары түз байланыш телефонун ишке ашырууга ниеттенип жатабыз",- деди Аманбаев.