Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Орусиянын депутаты Дмитрий Носов менен жолугушту

Бүгүн, 18-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Дмитрий Носов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.  

Жолугушууда эки тараптуу парламенттер аралык мамилени өнүктүрүү маселеси талкууга алынды. Тараптар Кыргызстандын аймагында спортту жайылтуу боюнча да ой бөлүштү.

Носов баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү жана жаштар арасында спортту жайылтуудагы социалдык долбоорлор оң натыйжа берип жатканын маалымдап, бул тажрыйбасын кыргыз тарап менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи 2015-жылдын 27-28-апрелинде Ош шаарында өтө турган парламенттер аралык комиссиянын жыйынында мыйзамсыз ташылып жаткан баңгизаттарга каршы аракет кылуу маселеси карала турганын айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан