Кыргызстандагы жаныбарларды идентификациялоо иштери Чүй облусунан башталат

Жаныбарларды идентификациялоо иштерин Чүй облусунан баштоо пландалып жатканын бүгүн, 11-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жумалиев Акылбек билдирди. Айтымында, БУУнун азык-түлүк программасынын каржылоосунда Чүй облусундагы ири мүйүздүү малдарды, кой-эчкилерди, жылкыларды, төөлөрдү каттоого алууну баштоо пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбооруна аталган комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов сын айтты. “Суусамыр жайлоосуна Чүй, Жалал-Абад, Талас облусунун малдары чыгат. Биз ветеринардык кызматтын ишин жөнгө салбай туруп идентификацияга жармашып жатабыз",-деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан