Парламент Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 18-февралдагы жыйынында "Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун 3 окуудан кабыл алды. Документке 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында Евразия экономикалык коомдоштугунун мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынында Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын президенттери тарабынан кол коюлган. Ага ылайык, аталган коомдоштуктун иши 2015-жылдын 1-январынан баштап токтотула турганы, анын ордуна жаңы түзүлгөн Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштай тургандыгы белгиленген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан