Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисинин мамлекеттик протоколдогу улуктук ордун аныктай турган мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды. Демилгечилердин айтымында, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлүп, анын башчысы дайындалгандыгына карабай, анын мамлекеттик протоколдо ээлеген орду аныкталбай калган. Улуттук мыйзамдарга ылайык, Башкы штабдын башчысынын ыйгарым укуктарына өлкөдөгү бардык күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо жана аскердик саясатты жүргүзүү милдети кирет. Ошондуктан Башкы штабдын башчысынын мамлекеттик протоколдогу улуктук ордун Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынан кийинки жана башкы прокурордон мурунку 10 сапта белгилөө демилгеси сунушталууда.
Айрым депутаттар Башкы штабдын жетекчисин башкы прокурордон кийинки сапка коюу керектигин, анткени Башкы прокуратура конституциялык орган экендигин айтышты. Бирок көпчүлүк депутаттар муну колдошкон жок.