Депутаттар жолдорду оңдоого бөлүнгөн акчаны балдарды зомбулуктан коргоого жумшоону сунушташууда

Бүгүн, 18-февралда парламентте балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланып жатат.
Жыйында депутат Галина Скрипкина "жолдорду оңдоого бөлүнгөн акчаларды балдарды зомбулуктан коргоого жана туура тарбиялоого жумшоо туура" деген пикирин айтты. "Балдар - биздин келечегибиз. Аларга тарбия берүүдө эч качан акча аябашыбыз керек. Учурда телеберүүлөрдө жалаң кыйноо, кан төгүү менен толгон тасмалар көрсөтүлүп жатат. Мамлекет тарабынан буга бөгөт коюу механизмдери бар, аларды колдонушубуз керек",- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан