Экономика министрлиги: "Жер-Үй" кенин иштетүү укугунун баштапкы баасы 200 эмес, 100 миллион доллар

"Жер-Үй" кенин иштетүү укугунун баштапкы баасы 200 миллион долларга чыкты" деген маалымат туура эмес. Баштапкы баа 100 миллион доллар. Мындай маалыматты 18-февралда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. "Кенди иштетүү укугу боюнча жарыяланган сынактын катышуучусу, сынактык шарттарга ылайык, баштапкы бааны көтөрүүгө укуктуу. 10 миллион доллар өлчөмүндөгү ар бир көтөрүү үчүн катышуучуга бирден упай кошулат",- деп билдирет министрлик.  
Айта кетсек, өкмөт жакында аталган кенди иштетүүгө сынак жарыялаган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан