Курмантай Абдиев: "Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн муктаждык керек"

"Бир кезде орустар дагы француз тилинде сүйлөөнү модага айландырып алышкан, учурда алар чыныгы орус тилинин кадыр-баркын өстүрүүнү колго алып, мамлекеттик кадрларга эле эмес, катардагы мигранттарга дагы тилди билүү боюнча талапты күчөтүүдө. Демек, ар бир өлкөдө мамлекеттик тилдин ролу жогору болуш үчүн жогорудагыдай иштер өйдөлөй бериши керек". Мындай пикирди депутат Курмантай Абдиев 18-февралда "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди. 

Депутаттын пикиринде, Япониянын тажрыйбасын башка өлкөлөр сабак катары кабыл алса болот. "Мисалы, япон жергесиндеги балдар улутуна карабастан, 5-класска чейин баары япон тилинде гана билим алышат.

Бирок мамлекеттик тил жаатында жылыш жок дей бербей, айрым айырмачылыктарды деле жакшы саамалык катары баалай турган мезгил келди",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан