"Айыл чарба министрлиги агрардык саясатты жүргүзүп, ал эми чарбалык багыттагы иштерди Агрохолдинг компаниясы алып барышы керек". Мындай билдирүүнү бүгүн, 11-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эсенгул Исаков айтты. Анын айтымында, чарбалык иштерди татыктуу алып кетет деген максатта учурунда Кыргыз айыл чарба азык-түлүк корпорациясы түзүлгөн. “Айыл чарба министрлигинин милдетин түшүнбөгөндөр көпчүлүк учурда аны байкабастыкка салып, статистикалык орган катары сыпаттап жүргөндөр бар”,- дейт эл өкүлү.