Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срэганы кабыл алды

Бүгүн, 11-февралда президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срэганы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Кыргызстанга Германиядан келе турган атайын өкмөттүк эксперттик топтун алдыдагы сапары жөнүндө маселе талкууланды. Германиядан келген эксперттер Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин тапшырмасы боюнча келишет. Эксперттердин бул иш сапары жөнүндө 2012-жылдын декабрында Кыргызстандын президентинин Германияга жасаган расмий сапарынын учурунда сүйлөшүлгөн. Жолугушууда мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелерди Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ири долбоорлорду ишке ашыруу менен өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан