“2014-жылдын май айында Шанхайда жана сентябрь айында Дүйшөмбүдөгү жолугушууларыбыздын жүрүшүндө өз ара ишенимдин жана колдоонун жогорку деңгээли толугу менен ырасталды. Уфада өтө турган ШКУнун саммитинин алкагында сиз менен маңыздуу сүйлөшүүлөрдү улантам деп болжолдоп турам”,- деп кошумчаланат телеграммада.
Мамлекет башчы кыргыз-кытайлык бардык байланыштарды чыныгы стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында мындан ары тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына төп келерине ишенимин билдирди.
Си Цзиньпинге ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кытай элине тынччылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.