Депутаттар өлкөдөгү энергетикалык кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү спикерге сунушташты

Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков төрага Асылбек Жээнбековдон энергетикалык тармактын абалын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү тууралуу токтом кабыл алууну өтүндү. Комиссия түзүү сунушу "Ата Мекен" фракциясынын мурунку жыйынында каралып, маселени палатага алып чыгуу чечими кабыл алынганын айткан депутат "Шайлоочулар менен жолугушууда туура түшүндүрүп бергидей бололу. Антпесек азыр түрдүү пикирлер айтылууда" деп билдирди. 
Эскерте кетсек, фракциянын 13-февралдагы жыйынында өлкөдөгү акыркы 10 жылдагы энергетикалык кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылган. Демилгечилер энергетика системинде Ширшовдун схемасы дагы деле иштеп жатканын айтышып, тез арада бул системди токтотуу керектигин белгилешкен.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан