Депутаттар органикалык жер семирткич өндүрүүгө мамлекеттен 10 миллион сом бөлүү керектигин айтышты

Мамлекет тарабынан 10 миллион сомдук колдоо көрсөтүлсө, суткасына 50-70 тонна органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов билдирди. Анын айтымында, учурда фермердик шартта мындай жер семирткич түрү жасалууда, буга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү зарыл. Буга кошумча, учурда жердин күчтүүлүгү жана сапаттуу үрөн айыл чарбасындагы башкы маселе экендигин айткан депутат "дан эгиндеринин сапаттуу үрөнү тартыш болуп, түшүм ойдогудай болбой жатат. Үрөндөрдү сертификациялоо маселесиндеги көз боёмочулук иштери жоюлбаса болбойт",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан