Жалал-Абад шаарындагы аэропортту ишке киргизүү демилгеленүүдө

Бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат Нурбек Касымбеков Жалал-Абад шаарындагы аэропортту ишке киргизүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылды. Анын айтымында, өткөн жылдын августунан бери аталган аэропорт иштебей жатат. "Мындан улам жарандар Бишкекке унаа менен 10 сааттык жолго чыгышууда. Алардын арасында карылар жана оорулуулар бар. "Манас" аэропорту Жалал-Абаддагы аэропортту унутуп койгондой. Балким, акча каражаты жагынан пайдасы жок, бирок аэропорт социалдык мааниге ээ. Тез арада бул маселе чечилиши керек",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан