Ысык-Көл. Каракол шаарында «Хизб-ут-Тахир» уюмунун мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облустук ИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун билдиргендей, 5-февралда облустук ИИБинин кызматкерлери Каракол шаарынан «Хизб-ут-Тахир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсүн кармашты. Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын 1980-жылы туулган С.М. аттуу тургунунун үйүн тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы 3 китеп, 6 DVD диск, 36 даана колго жазылган баракчалар табылган. Учурда аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан