“Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт. Терроризмдин ар кандай актылары кылмыш болгондуктан, ал иштерди эч качан актоого болбойт”,- деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуусунда. Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Египеттин жалпы элине оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.