Жалал-Абад. 14-февраль - Сүйүү күнүнө карата "Кыз-жигит үчүн салтанат, кыштагы кызык махабат" аттуу концерт болот

14-февраль - Сүйүү күнүнө карата облустагы Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисттери көрүүчүлөргө жандуу үн менен концерт тартуулашат. Бул тууралуу "Күлгүн жаш" эстрадалык, элдик, фольклордук тобунун солисти Муктар Гаимов кабарлады. "Сүйүү күнүнө карата облус элине майрамдык шаң тартуулайлы деген тилекте "Кыз-жигит үчүн салтанат, кыштагы кызык махабат" аттуу концертке учурда кызуу даярдык көрүүдөбүз. Баса белгилей кетчү жагдай, концертке КРнын Эл артисти Шахра Талипова жана "Нур" тобу катышат. Ошондой эле концертте бардык ырлар жандуу үн менен аткарылат",- дейт Гаимов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан