Бүгүн, 11-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Индиядан алынып келинген буйволдун этин Кыргызстанга киргизүү боюнча маалымат берүүнү Айыл чарба жана мелиорация министрлигине тапшырышты. Буйволдун эти адамдын ден соолугуна зыян экендигин айткан депутат Талантбек Узакбаев Индия өлкөсү кутурма оорусун алып жүрүүчү бул жаныбар менен ар дайым кара тизмеде турарын кошумчалады. Буйвол жапайы жаныбар болгондуктан аларды көзөмөлдөө кыйын экенин айткан депутат “бул азыкты Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салыш керек. Биз бир нече ирет министрликке сунуштадык, бирок эч кандай аракет жок”,- деди.