Эл өкүлү жайкы туристтик сезон башталганга чейин Балыкчы-Каракол жолун, ошону менен катар Каркыра-Кеген жолунун 1 чакырым тилкесин оңдоо керектигин өкмөткө жолдоду.
Мындан сырткары жергиликтүү башкаруу органдарынын Балыкчы-Каракол жолун КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүү боюнча өтүнүчтөрүн билдирди. Себеби азыркы тапта бул жол жергиликтүү бийликтин балансында. Ал эми жергиликтүү бийликтин жолду оңдоого каражаты жетпейт.