Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев балдардын, аялдардын зордук-зомбулукка кабылып жатканын, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларды айтып, алардын алдын алуу боюнча көз карашын ортого салды.
“Мамлекеттик масштабда туура эмес моралдык тарбия иштери жүргүзүлгөндүктөн, ар кандай көйгөйлөр чыгууда”,- дейт депутат.
Диний аалымдар, анын ичинде экс-муфтий Ч.Жалилов диний маселелерди туура көтөрүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле ар кандай агымдар пайда болуп жатканын, бул акырындап жарыла турган минага айланарын эскертип, муну токтотуп калууга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады.
Н.Мадалиев диний маселелерге, диний билим берүүгө жеткиликтүү маани берилбей жаткандыгын айтып, Орусиянын патриархы менен мамлекеттик органдарынын байланышы сындуу дин жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштерин мисалга тартты.
“Мындай маселелерди биздин мамлекет дагы колго алышы керек. Коомдук телеканалдардан ыйман сабагы өткөрүлүшү зарыл. Мындай маселелер бизге керек”,- дейт депутат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.