Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кадырали Жапакбаев жергиликтүү соттун судьясы, Жалал-Абад облустук соту кызматынан бошотулду. Аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Кыргызстандын Соттор кеңеши сунуштама бергени, Башкы прокуратурадан макулдук берилгени айтылды. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 17-февралда кол койгон. Буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 19-февралда билдиришти.