Бишкек шаарындагы Свердлов районунун соту Айнура Саралинова ден соолугуна байланыштуу кызматынан бошотулду. Медициналык комиссиянын чечими жана "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу" жөнүндө мыйзамына ылайык, тийиштүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 17-февралда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан бүгүн, 19-февралда билдиришти. Буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.