Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мурунку башкы прокурор Аида Салянованы мамлекеттик күзөт кызматы менен камсыздоо демилгеси менен кол топтошууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Асия Сасыкбаева билдирди.
Анын айтымында, аталган демилге президентке, парламент төрагасына жана премьер-министрге жөнөтүлмөкчү.
Айта кетсек, 11-февралда А.Салянова аны коргоп жүргөн мамлекеттик күзөтчүлөр алынгандыгын
билдирген.
Мындан улам парламент жыйынында А.Сасыкбаева айым депутаттардын атынан президенттик аппараттан А.Салянованы мамлекеттик күзөт кызматы менен камсыздап берүүнү оозеки суранган.