Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Немат Катаганов кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка 17-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Аталган судья кызматка дайындалууда өзүнүн мурда соттолгонун жашырганы, буга байланыштуу аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Кыргызстандын Соттор кеңеши сунуштама бергени айтылды. Буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.