Ленин райондук администрациясы тарабынан түзүлгөн дарыгерлер тобу аталган районго караштуу жаңы конуштарда жашаган аялдардын ден соолугун текшеришүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, конуштардагы аялдардын ден соолугун гинекологдор жана маммологдор акысыз текшерүүдө. “Дарыгерлер үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча, адамдын толук кандуу тукум жаратууга жөндөмдүүлүгү тууралуу аялдарга кеңештерди беришет”,- деп билдирет мэрия.