Парламент депутаты Улукбек Кочкоров бүгүн, 19-февралда Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери жана Маевка айылынын мектеп окуучулары менен жолугушту.
Депутаттык иши тууралуу маалымат берген Кочкоров жалпы 20дан ашуун мыйзам долбоорун демилгелегенин айтты. Мунун ичинде насыялык саясатты жөнгө салуу, мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу, мамлекеттик башкарууга жаштарды тартуу боюнча мыйзам долбоорлору бар экенин кошумчалап, "мындай демилгелер жөндөн-жөн эле көтөрүлбөйт, алардын артында коомчулуктун кандайдыр бир көйгөйлөрү турат” дейт депутат.
Депутат мамлекеттик чек ара тууралуу токтолуп, буларды белгиледи: "Кыйынчылыктарга карабай акырындап Баткен облусун өнүктүрүп жатабыз, бирок көйгөйлөр көп".