Бүгүн, 20-февралда КСДП фракциясы өз жыйынында Бишкектеги Тынчтык кең көчөсүнө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү депутаттардын көпчүлүгү жактырды. Бирок добуш берүүдө мэриянын демилгесин айрымдар колдогон жок. Депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, 2017-жылга чейин борбор калаадагы географиялык объектилердин (аянттар, көчөлөр, аллеялар ж.б.) аталыштарын өзгөртүүгө шаардык кеңештин токтому менен тыюу салынган. "Аталган көчөнүн аталышын 2018-жылы өзгөртүү туура болот",- деп түшүндүрдү ал.
Депутаттар Эркин Сакебаев жана Чыныбай Турсунбеков Чыңгыз Айтматовдун ысымын Киев көчөсүнө берүүнү сунушташты. "Бишкектеги эң узун көчө Тынчтык проспекти жана Манас проспекти деп экиге бөлүнөт. Улуу жазуучубуздун ысымын толук Киев көчөсүнө берүү туура",- деди Турсунбеков.