Депутат Алла Измалкова: "Эмгек кодексин Советтер Союзундагыдай ойлонгон адамдар жазышкан"

"Кыргызстандын Эмгек кодексин Советтер Союзундагыдай ойлонгон адамдар жазышкан. Аталган кодекс пландык экономикага ылайыкташкан",- деп билдирди бүгүн, 20-февралда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Алла Измалкова.

Кыргызстандагы ишканалар Эмгек кодексине ылайыктап ишин жүргүзүшсө, банкротко учурашы толук мүмкүн экенин айтат депутат. "Ишкана кандайдыр бир себептен токтоп калганда, жумушчулардын айлык акылары, камсыздандыруу төгүмдөрү топтоло берет. Мындан улам ишкананын карыздары толуп кетет. Ушуну туура түшүнгөн уюмдар тиешелүү демилге менен чыгышкан. Аларга каршы профсоюздар уюму "жумушчулардын укуктары бузулуп жатат" деп популисттик жарыяларын айтышкан",- деди Измалкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан