"Кыргызалтын" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп Сагынбек Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Абдрахманов мурда бул ишкананын башкармалыгынын кеңешинин мүчөсү болчу. Ал эми төраганын мурунку орун басары Аманбек Укубаев эмгек келишиминин мөөнөтү аягына чыккандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.