Кыргызстандын чиновниктери мындан ары жарандардын кайрылууларына 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 21-январында кабыл алынган.

Мыйзам "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамдын айрым ченемдерин тактоого, жарандардын электрондук кайрылууларын кароо тартибин бузуу үчүн администрациялык жоопкерчилик киргизүүгө багытталган. Тактап айтканда, мыйзам менен мамлекеттик кызматкерлер жарандардан түшкөн кайрылууларга 14 күндүн ичинде (14 жумуш күнү) жооп кайтарууга милдеттендирилди. Буга чейин айрым нормаларда кайрылууга жооп берүү мөөнөтү 1 ай деп белгиленип калганы айтылган эле. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан