Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева Талас облусунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө токтомго кол койду. Токтомго ылайык, облустагы билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Сейталы Бекманбетовго жана Талас районунун социалдык инфраструктурасын оңдоого кошкон зор салымы үчүн “Диона компани НКА” ишканасынын башкы директору Дамира Молдояровага аталган наамдар ыйгарылды. Белгилей кетсек, аталган ишкана өз эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип, Ак-Сай айылынын тургундарына балдар бакчасын куруп берген.