Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо жаатында "Тимур жана анын командасы" сыяктуу кыймыл түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр мындай пикирин ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокуа менен жолугушууда айтты. Балдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча 2015-2017-жылдарга иш-чаралардын планынын долбоору иштелип чыкканын айткан министр: "Бул маселени чечүүдө коомдун ой жүгүртүүсүн өзгөртүү керек. Бул багытта мектеп окуучуларынын арасында "Тимурчулар" кыймылын түзүү туура",- деди Базарбаев.
Мокуа ЮНИСЕФ балдарды коргоо жөнүндө Улуттук форум боюнча ишти тездетүүгө даяр экенин билдирди. "111" ишеним телефонун ишке киргизүүнү колдоого даярбыз. Бул долбоордо балдар психологиясы боюнча жогорку деңгээлдеги адистердин катышуусу маанилүү",- деди өкүл.
Айта кетсек, министрдин сунушу орус жазуучусу Аркадий Гайдардын "Тимур жана анын командасы" чыгармасына негизделди. Чыгармада Тимур аттуу башкы каармандын балдардан отряд түзүп, карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, согушка кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жардам беришкени баяндалат.