Бүгүн, 20-февралда
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу кезектеги сот отуруму өтүп жатат. Мамлекеттик айыптоочу депутат Келдибековду сот иштери аяктаганга чейин №1-СИЗОдо кармап туруу сунушун киргизди. Бирок буга депутаттын жактоочусу
Татьяна Чильникина каршылык билдирип, мамлекеттик айыптоочу мыйзамды бузуп жатканын айтты.
"Эмне үчүн мамлекеттик айыптоочу биринчи кезекте эле депутатты убактылуу камоо боюнча өтүнүч келтирип жатат? Депутаттын ден соолугу жакшы, бирок мен аны убактылуу камоого каршымын",- деди Чильникина. Андан сырткары жактоочу депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мүмкүн эместигине бир катар далилдерди келтирди.