Ахматбек Келдибеков: "Күнөөм жок, эч жакка качпайм"

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу кезектеги сот отуруму өтүүдө. Келдибеков өзүнө тагылып жаткан айыптарды бул ирет да четке какты. 

“Мен мыйзамды сыйлайм. Бирок мыйзам менен иштеген органдардын мыйзамды бузуп жатканына таң калып жатам. Мыйзамды сыйлаганым үчүн соттун чечими менен чет өлкөгө барып дарыланып келип, кайра күнөөсүз экенимди далилдейин деп келсем, баш коргоо чарамды өзгөртүүнү суранып жатышат. Мен күнөөсүз экендигимди далилдейм, мен күнөөлүү эмесмин. Керек болсо менин колумда “Келдибековдун иши кыскартылсын” деген прокуратуранын токтому турат”,- деди Келдибеков.  

Депутат ошондой эле өзү тергөөчүлөр тарабынан бир да жолу суракка алынбаганын кошумчалады. “Мен тергөө иштери менен таанышкан эмесмин, бир дагы жолу мага келип суракка алышкан жок. Мени мамлекеттин акчасын жеди деген күбөлөрдү да көргөн жокмун. Эгерде айыптоочу менин мамлекеттин бир тыйынын уурдаганымды далилдеп берсе, мен өз макулдугум менен камоого кол коюп берем”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан