"Супер-Инфо" гезитинин жана
SUPER.KG порталынын кызматкерлери бүгүн, 20-февралда биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Кыргызстандын жарандары биометрикалык маалыматтарын тапшырууну улантышууда,
учурда бардык облустарда биометрикалык маалымат топтоо пункттары иштеп жатат.Өкмөттүн маалыматына таянсак, өлкөдө 16 жаштан жогорку 2 миллион 260 миңден ашык жаран жеке маалыматын тапшырды (11-февралга карата). Бул кампанияны 2015-жылдын жай айларында аяктоо пландалууда.