Кыргызстанда 2012-жылы азык-түлүккө болгон баа 9,8 пайызга кымбаттаган. Мындай маалымат Экономика министрлигинин 11-февралдагы коллегиялык жыйынында айтылды. Ошондой эле үй-тиричилигине керектүү болгон буюмдар жалпысынан 9,9 пайызга кымбаттаган. Ал эми газ 10,3 пайызга жогоруласа, кийим-кече жана бут кийимге болгон баа орточо эсеп менен 15,9 пайызга өскөн. Бензинге болгон баа жыл башынан бери 2,0 пайызга, дизелдик май 6,8 пайызга көтөрүлгөн. Буга кошумча, былтыр калкка кызмат көрсөтүүгө болгон баалар да өскөн. Анын ичинен унаа кызматтарына болгон баа – 11,3 пайызга, маданий иш-чараларды уюштуруу – 17,9 пайызга, ресторан менен мейманканалардын кызматы – 15,8 пайызга, амбулатордук кызмат – 18,0 пайызга жана билим берүү 8,5 пайызга кымбаттаган.